Перейти к содержимому

БМУнун студенттери мамлекеттик тил боюнча республикалык  олимпиадада II даражадагы диплом менен сыйланышты

БМУнун студенттери мамлекеттик тил боюнча республикалык  олимпиадада II даражадагы диплом менен сыйланышты

Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги жана Заманбап эл аралык университети тарабынан уюштурулган “Улуттук уңгү – улуттун келечеги” аталышындагы жогорку окуу жайлар аралык мамлекеттик тил боюнча студенттердин республикалык III олимпиадасы өткөрүлдү.

Олимпиаданын жыйынтыгында К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы факультетинин студенттери Исматиллаева Мыскал, Төрөбекова Кипариза, Жолдошбек кызы Аяна жогорку деңгээлдеги даярдыгын көрсөтүп, “Мыкты долбоор” номинациясы боюнча II даражадагы диплом менен сыйланышты.

Бул жетишкендик БМУнун мамлекеттик тилди өнүктүрүү багытындагы системалуу ишмердүүлүгүнүн жана студенттердин илимий-чыгармачылык потенциалынын жогору экендигин дагы бир жолу тастыктады.

Университеттин жамааты жеңүүчүлөрдү куттуктап, алардын мындан аркы билим алуу, илим жолунда ийгиликтерди каалайт.

БМУнун студенттери мамлекеттик тил боюнча республикалык  олимпиадада II даражадагы диплом менен сыйланышты