Перейти к содержимому

“Илим жумалыгынын” алкагында интеллектуалдык викторина өткөрүлдү

“Илим жумалыгынын” алкагында интеллектуалдык викторина өткөрүлдү

2025-жылдын 3-ноябрында “Илим жумалыгынын” алкагында Бишкек мамлекеттик университетинин Социалдык-психология факультетинин “Саясат таануу” багытынын студенттери жана окутуучулары тарабынан “Өз оюну” аттуу интеллектуалдык викторина өткөрүлдү.

Иш-чаранын максаты – студенттердин саясий билимин, ой жүгүртүүсүн жана аналитикалык жөндөмдөрүн өркүндөтүү болду. Викторинага жалпы 6 команда катышып, жыйынтыгында мыкты командалар аныкталды. Бардык катышуучуларга иш-чарага активдүү катышканы үчүн сертификаттар тапшырылды.

Бул иш-чара студенттердин илимий жана чыгармачыл потенциалын өнүктүрүүгө, командалык иштөө көндүмдөрүн чыңдоого өбөлгө түздү.