Экология жана менеджмент факультетинде Тынчтык корпусунун өкүлдөрү – аймактык менеджер Салтанат Сапарбекова жана тил жана маданият боюнча координатор Нуржан Шаршеналиева расмий иш сапары менен болушту.
Жолугушуунун алкагында факультеттин курамына ыктыярчы Кайн Бишоп тааныштырылып, алдыдагы иш-пландар талкууланды. Ошондой эле эки маданиятты тааныштыруу жана өз ара түшүнүшүүнү өнүктүрүүгө багытталган сессиялар өткөрүлдү.
Бул иш-чара Тынчтык корпусунун жана факультеттин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого, ошондой эле студенттер менен окутуучуларга маданий жана билим берүү алмашуусун камсыз кылууга өбөлгө түзөт.

