Перейти к содержимому

К. Карасаев атындагы БМУ жана Ренессанс университети кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюшту

К. Карасаев атындагы БМУ жана Ренессанс университети кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюшту

2025-жылдын 17–18-октябрында Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында «Филологиялык изилдөөлөрдүн өнүгүшү жана билим берүү маселелери» аттуу эл аралык илимий конференция болуп өттү. Конференцияга К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин Педагогикалык билим берүү факультетинин окутуучулары катышып, филология тармагындагы актуалдуу маселелер боюнча илимий баяндамаларды жасашты.

Иш-чаранын жыйынтыгында К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети менен Өзбекстан Республикасынын «Ренессанс» университети ортосунда кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюлду. Меморандум эки тараптын өнөктөштүк байланышын бекемдөөнү, биргелешкен илимий жана билим берүү долбоорлорун ишке ашырууну, ошондой эле окутуучулар менен студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн камсыздоону ишке ашырат.