Перейти к содержимому

К.Карасаев атындагы БМУда “Борбордук Азиядагы араб тили” аттуу эл аралык иш-чаранын ачылыш аземи өттү

К.Карасаев атындагы БМУда “Борбордук Азиядагы араб тили” аттуу эл аралык иш-чаранын ачылыш аземи өттү

2025-жылдын 17-сентябрында К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде Ислам Билим берүү, илим жана маданият уюму (ICESCO) жана Султан бин Абдулазиз Ааль Сауд фонду менен биргеликте “Борбордук Азиядагы араб тили” аттуу эл аралык иш-чаранын ачылыш аземи болуп өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө БМУнун ректору проф. Мирлан Дылдаев куттуктоо сөзүн айтып, араб тилинин Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү илимий жана маданий кызматташтыкты бекемдөөдөгү маанисин белгиледи. Сауд Араб Падышачылыгынын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ибрахим Абдулрахман Аль-Ради, Султан бин Абдулазиз Ааль Сауд фондунун башкы мүдүрүнүн жардамчысы доктор Абдулазиз Аль-Макууши, ICESCO уюмунун тренер-эксперти доктор Анас Ель-Наими жана башка коноктор араб тилин жайылтуу жана билим берүү тармагындагы эл аралык кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Бул иш-чара БМУнун жана өнөктөштөрдүн араб тилин үйрөнүүнү жана маданий байланыштарды чыңдоону өнүктүрүү жолундагы тыгыз кызматташтыгынын далили болуп калды.