БАКАЛАВРИАТ ПРОГРАММАЛАРЫ
Берилүүчү квалификация: бакалавр
Окутуу мөөнөтү: 4 жыл (күндүзгү бөлүм), 5 жыл (ДОТ колдонуу менен сырттан окуу)
Окутуунун тили: кыргыз тили
Программа жөнүндө маалымат: Бул программа боюнча бакалаврлар филологиялык билим берүү квалификациясын алышат. Студенттер изилденип жаткан тилдин адабиятына байланышкан гуманитардык жана педагогикалык дисциплиналар, адабияттын тарыхый өнүгүүсүндө жана заманбап абалында билим ала алышат. Билим алуучулар текстердин ар түрдүү түрлөрүн жана типтерин талдоонун, интерпретациялоонун, иштеп чыгуунун, жаратуунун жана кайра өзгөртүп түзүүнүн методдорун, ыкмаларын колдонушат. Аларды билим алуу процесси үчүн оптималдуу шарттарды түзүүгө, студенттерге багытталган окутуу принциптерин сактоого жана методологиялык проблемаларды туруктуу өнүктүрүү жана чечүү үчүн билимдерди (окутуунун моделдери, методдору жана ыкмалары, сапатты камсыздоо) алууга окутушат. Бул программанын бүтүрүүчүлөрү баштапкы жана орто билим берүүнүн уюмдарында тил жана адабият мугалими; коммуникацияда, жарнамада, коомчулук менен байланышта, басма иштеринде; жалпыга маалымдоо каражаттарында, маданий мекемелерде жана кошумча билим берүү борборлорун башкарууда кызматкер катары кесиптик ишмердигин жүзөгө ашыра алышат.
Берилген квалификациясы: бакалавр
Окутуу мѳѳнѳтү: 4 жыл
Окутуунун тили: кыргыз тили
Программа жөнүндө маалымат: Студенттер фундаменталдык гуманитардык билим алышат жана филологиянын тарыхы, заманбап абалы жана өнүгүүсүнүн келечеги тууралуу түшүнүктөргө ээ болушат. Билим алуучулар кыргыз/орус, англис/түрк тилдеринин жана адабиятынын теориясы, тарыхы тармагында, коммуникация теориясында, текстти филологиялык талдоодо жана интерпретациялоодогу негизги жоболорду жана концепцияларды биле тургандыгын көрсөтүүгө жөндөмдүү болушат. Аларды жазма жана оозеки коммуникациянын ар түрдүү типтеринин негизги методдоруна жана ыкмаларына, анын ичинде тил жана адабият боюнча окутуу сабактарын жана класстан тышкаркы иштерди жүргүзүү үчүн салттуу методдорду жана заманбап маалыматтык технологияларды колдонууну үйрөтүшөт. Бүтүрүүчүлөр социалдык-гуманитардык ишмердик (билим берүү жана маданий мекемелерде, министрликтерде, элчиликтерде, жалпыга маалымдоо каражаттарында, агенттиктерде, эл аралык фонддордо жана долбоорлордо, басмаканаларда) чөйрөсүндө эмгектене алышат.
Берилген квалификациясы: адис
Окуу мөөнөтү: 5 жыл
Окутуунун тили: кыргыз тили
Программа жөнүндө маалымат: Бул адистиктеги окутуучу кыргыз жана орус тилдеринин фонетикалык, лексикалык, грамматикалык жана стилистикалык өзгөчөлүктөрүн өздөштүрөт. Бул адистик бир гана Кыргыз өлкөсүндө окутулгандыгы менен айырмаланып турат. Аталган адис жогорку окуу жайларында фундаменталдык жана профилдик даярдыктан өтүп, төмөнкүдөй маселелерди чече алат: тил жана адабият теориясы боюнча билимдерин практикада колдонуу, кыргыз жана орус тилдеринин фонетикалык, лексикалык, грамматикалык жана стилистикалык өзгөчөлүктөрүн мыкты өздөштүрүп, эки тилди салыштыра алат; текстке лингвистикалык жана адабий анализ жүргүзүп, студенттерди тарых, кыргыз жана орус тилдеринин азыркы абалы боюнча илимий-практикалык даярдыкка ээ болуп, эки тилди компьютердик технологиялар аркылуу окута алат.
МАГИСТРАТУРА ПРОГРАММАЛАРЫ
Берилген квалификациясы: магистр
Окутуу мөөнөтү: 2 жыл (күндүзгү), 2,6 жыл (ДОТ колдонуу менен сырттан окуу)
Окутуунун тили: кыргыз тили
Программа жөнүндө маалымат: Программа педагогика, психология, тил жана адабият тармактары боюнча терең билимге жана илимий-методикалык жана илимий-изилдөөчүлүк жөндөмгө ээ болгон, мектептерде, ЖОЖдордо филологиялык дисциплиналарды окутуу методдорун өздөштүргөн, өз алдынча илимий-изилдөө иштерин жүргүзө алган, педагогикалык, басма жана гуманитардык чөйрөдө иштей алган жогорку квалификациялуу педагогдорду даярдоого багытталган.
Программада илимий-педагогикалык жана илимий-изилдөөчүлүк практикасы да каралган. Аталган практиканын жүрүшүндө магистранттар кафедрадагы окутуучулардын жетекчилиги астында диссертациялык иштерин даярдай алышат.
Берилген квалификациясы: магистр
Окутуу мѳѳнѳтү: 2 жыл
Окутуунун тили: кыргыз тили
Программа жөнүндө маалымат: Магистранттарды “Филология” боюнча магистрдик программа жалпы илимий курстарды жана кесиптик циклдарды камтыйт. Программаны өздөштүрүүдө магистранттар филологиянын теориялык жана колдонмо маселелери боюнча толук даярдыктан өтүшөт. Мында магистранттарды орус, кыргыз жана чет тилдеринин ар кандай аспектилерин окутуу жөндөмдөрүн калыптандырууга багытталган методикалык аспект (адистештирүү дисциплиналары) өзгөчө орунда турат. Негизги дисциплиналар менен бирге лингвистикалык дисциплиналарды окутуунун актуалдуу маселелерине негизделген тандоо боюнча курстар да камтылган.
Программада магистранттардын изилдөө ишмердүүлүгүн калыптандырууга багытталган илимий-изилдөөчүлүк жана окуу-педагогикалык практикасы каралган.