Кыргыз адабияты кафедрасы
Кыргыз адабияты кафедрасы факультеттеги жетектөөчү кафедралардын бири. “Кыргыз адабияты” кафедрасы 1992-жылы билим берүү стандарттарына толук жооп бере турган жогорку деңгээлдеги адистерди даярдоочу кафедра катары уюшулган. Кафедра жогорку кесиптик билим берүүнүн программалары боюнча студенттерди, магистранттарды даярдайт.
Кафедранын негизги максаты –адабияттын теориясын, тарыхын сапаттуу окутуу, окутуучулардын илимий-теориялык, илимий-педагогикалык потенциалын көтөрүүгө, педагогдук тажрыйбаларын арттырууга жетишүү жана илимий-усулдук, илимий-изилдөө иштерин жүргузүү менен бирге кафедранын материалдык –техникалык базасын чыңдоо болуп саналат.
Кафедранын миссиясы: өз өлкөсүнүн маданиятын, адабиятын, тилин, тарыхын, адеп-ахлактарын терең билген жана мекенин кадырлап сүйө турган жогорку кесиптеги адистерди даярдоо, заманбап технологияларды өздөштүрө билген инсандарды тарбиялоо.
Окуу-методикалык кабинеттер: Кафедрага тиешелүү окуу-методикалык колдонмолор, илимий эмгектер 401 Г “Кыргыз фольклору жана этнография” окуу борбордо уюшулган. Аталган борборлордо студенттер жана окутуучулардын катышуусунда ар тараптуу окуу-методикалык иш чаралар өтүп турат.
Кафедранын курамы
Окутуучулар саны жалпы: 14
Докторлор: 2
Профессорлор: 4
Кандидаттар: 5
Доцент: 1
Доц. м.а.: 3
Улук окутуучулар: 5
Айкалыштырып окутуучу: 1
Кыргыз адабияты кафедрасынын дисциплиналары
| № | Окуу дисциплинасы | Багыты |
| 1 | Манастаануу | 1-курс, баардык багыттарга |
| 2 | Адабият таанууга киришүү | 1-курс, баардык багыттарга |
| 3 | Котормонун теориясы жана практикасы | 3-курс КТА, 4-курс МТ |
| 4 | Кыргыз фольклору | 2-курс КТА, 2-курс МТ |
| 5 | Кыргыз адабиятынын тарыхы | 2-курс КТА, 4-курс КТА |
| 6 | Акындар чыгармачылыгынын тарыхы | 3-курс КТА |
| 7 | Балдар адабияты | 4-курс КТА |
| 8 | Кыргыз балдар адабияты | 3-курс МТ, 4-курс МТ |
| 9 | Адабият теориясы | 3-курс КТА, 4-курс МТ |
| 10 | Кыргыз адабий сыны | 3-курс КТА, 4-курс КТА |
| 11 | Кыргыз адабий сынынын тарыхы | 3-курс МТ, 4-курс МТ |
| 12 | ТБК: Адабий талдоонун практикалык курсу | 2-курс КТА |
| 13 | ТБК: Адабий дүйнө тааным жана эстетика | 2-курс КТА |
| 14 | ТБК: “Манас” эпосу жана түрк дастандары | 4-курс КТА |
| 15 | ТБК: Түрк жана чыгыш элдеринин адабияты | 4-курс КТА |
| 16 | Окулуп жаткан тилдин жана адабияттын методикасы | 2-курс МТ, 3-курс КТА, 4-курс МТ |
| 17 | Кыргыз кол жазма адабияты | 1-курс КТА, 3-курс МТ |
| 18 | Адаптациялык-педагогикалык практика | 2-курс КТА |
| 19 | Профессионалдык-базалык практика | 3-курс КТА |
| 20 | Профессионалдык-профилдик практика | 4-курс КТА |
| 21 | Квалификация алдындагы практика | 4-курс КТА |
| 22 | Мамлекеттик аттестация | 4-курс КТА, 5-курс МТ |
ИИИ
Кыргыз адабияты кафедрасынын окутуучулары илимий изилдөө иштерин үстүндө жигердүү аракеттенишүүдө. Кафедранын улук окутуучусу Б.Ж. Борбучалова “Кыргыз прозасындагы сатира, юмор жанрынын калыптанышы, өнүгүшү” деген темадагы илимий ишин жактоо алдында турат. Окутуучулар илимий конференцияларга активдүү катышып, илимий макалалары жарыяланууда. Аспиранттар илимий жетекчилери менен биргеликте иш алып барышууда.
СИИ
2024-2025-окуу жылында аткарылуучу студенттердин илимий иштеринин планы окуу жылынын башында сентябрь айында каралып бекитилген, жетекчилери п.и.к.,проф.м.а К.Д.Кенжешев, ф.и.д., проф м.а., Д .Ж Асакеева. ф.и.д., проф м.а.: Б.Темирова, доц. Т.Абдыракунов., Э.Кылычев, ф.и.к.доц. К.Ибраимов, ф.и.к., доц .м.а.Р.Умарова, ф.и.к.доц.м.а. Б.,Чыйбылова улук окутуучулар Н.Жороева,Г.Уркунчуева ., Ж.Мусаева , Э.Жумаканова, Б..Борбучалова
Студенттер менен илимий жана чыгармачылык иштеринин багыттары, студенттерди кызыктырган маселер, темалар жөнүндө жыйын өткөрүлүп, алардын ой-пикирлери талкууланып кафедра мыктылары кафедра мүчөлөрү тарабынан каралып чыгармачылык жана изилдөө иштеринин планы түзүлгөн жана окуу жылынын биринчи семестринде пландалган иштер бардыгы аткарылды.
Ошонун негизинде СИИнин планында көрсөтүлгөндөй студенттерди чыгармачылык иштерге тартуу, мугалимдер студенттердин илимий жана чыгармачылык изденүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында жарым жыл бою ЖОЖдор аралык конференцияларга даярдоодо илимий изилдөө иштерине жетекчилик кылышып студенттер менен иш алып барышты, ошондой эле университет ичиндеги түрдүү иш-чараларга да кафедранын окумуштуулары жетекчилик кылышып, жакшы жыйынтыктарга ээ болушту.
Практика
Студенттердин практикага чыгуусу факультеттин окуу планына ылайык жүргүзүлөт. Окуу планы боюнча 2-курс КТА “Адаптациялык-педагогикалык”, МТ 2-курс “Диалектологиялык практика” 3-курс КТА “Кесиптик-базалык”, 3-курс МТ “Фольклордук практика”, 4-курс “Кесиптик-багыттык”, “Квалификация алындагы практика, 4-курс МТ “Үйрөнүү-педагогикалык практика”, 5-курс “Мамлекеттик практика”, “Диплом алдындагы практика” төмөнкү мектептерге практикага чыгышат.
Советтер Союзунун Баатыры генерал-майор Д.Асанов атындагы Кыргыз Улуттук аскердик- лицейи, А.Осмонов атындагы №68 жалпы орто билим берүү мектеби, А.Молдокулов атындагы №5 улуттук инновациялык мектеп-лицейи, Н.Гянджеви атындагы №103 жалпы орто билим берүү мектеби, Ж.Садыков атындагы № 84 жалпы орто билим берүү мектеби, К.Акматов атындагы №58 жалпы орто билим берүү мектеби, К.Бобулов атындагы №88 жалпы орто билим берүү мектеби, №74 жалпы орто билим берүү мектеби, №25 жалпы орто билим берүү мектеби.
Кабылдама: +996 (312) 21-89-37
Дареги: Ч.Айтматов проспектиси, 27. В-блок, 4-кабат, 404 В.