Перейти к содержимому

Кыргыз филологиясы факультетинин студенттери “Кылым карыткан улуттук дем: туңгуч агартуучулар” аттуу Эл аралык симпозиумга катышышты.

Кыргыз филологиясы факультетинин студенттери “Кылым карыткан улуттук дем: туңгуч агартуучулар” аттуу Эл аралык симпозиумга катышышты.

2026 — жылдын 22-апрелинде КУУ тарабынан уюштурулган Биринчи түркологиялык курултайдын (1926) 100 жылдыгына карата уюштурулган “Кылым карыткан улуттук дем: туңгуч агартуучулар” аттуу Эл аралык студенттик симпозиум болуп өттү. Ага кыргыз филологиясы факультетинен 16 студент катышты. Анда Молдо Кылыч, К.Тыныстанов, И. Арабаев, К.Карасаев, А.Сыдыков, О.Сыдык уулу, А.Байтурсуновдун агартуучулук ишмердүүлүгү жана 1926-жылы болуп өткөн Биринчи түркологиялык курултайдын маани-маңызы боюнча маселелер талкууланды. Жыйынтыгында эң мыкты доклад жасагандар төмөндөгүдөй орундарга ээ болушту:
1-орун Бексултанов Даван жетекчиси ф.и.д., проф. Д.Ж.Асакеева
2-орун Төрөбекова Кипариза жетекчиси улук окут. Г.Ж.Уркунчиева
3-орун Якубжанова Рушана (өзбек тилинде) жетекчиси доцент П.С.Эстебесова
3-орун Жаанбаева Мадина жетекчиси окут. А.А.Турмаханбетова
Филология илимдеринин доктору, профессор Асакеева Динара Жолдошевна, улук окутуучу Уркунчиева Гулсайра Жолдошбековна жана 3-курстун студенти Султангазиев Тилек Түрксой эл аралык уюмунун ыраазычылык каты менен сыйланышты.