2026-жылдын 20-февралында Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы жана академик Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети тарабынан уюштурулган «Кыргыз ырлары чет өлкөлүк студенттердин аткаруусунда» аттуу республикалык фестиваль жогорку деңгээлде өткөрүлдү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндөгү Жарлыгын ишке ашыруу максатында жана 21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө карата уюштурулду.
Фестивалдын ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы А. К. Койчиев, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Г. Т. Исаматова, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы М. К. Мураталиев, ошондой эле жогорку окуу жайлардын жетекчилери, окутуучулар, студенттер жана маданият өкүлдөрү катышты.
Расмий ачылышта академик К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин ректору М. М. Дылдаев куттуктоо сөз сүйлөп, фестивалдын негизги максаты – чет өлкөлүк студенттердин арасында кыргыз тилин, улуттук маданиятты жана көркөм мурастарды жайылтуу, маданий диалогду өнүктүрүү экенин белгиледи.
Фестивалдын сынактык бөлүгүндө республикадагы 10 жогорку окуу жайдан келген командалар катышып, саламдашуу, кыргыз улуттук ырларын аткаруу жана улуттук бий өнөрүн көрсөтүү боюнча өз өнөрлөрүн тартуулашты. Катышуучулар кыргыз элинин бай маданий мурасын терең түшүнүү менен сахнада жогорку деңгээлде көрсөтө алышты.
Калыстар тобунун баалоосунун жыйынтыгында мыкты аткаруулар аныкталып, жеңүүчүлөргө дипломдор жана баалуу сыйлыктар тапшырылды.
Бул фестиваль кыргыз тилинин кадыр-баркын жогорулатууга, маданият аралык байланышты чыңдоого жана чет өлкөлүк студенттердин кыргыз маданиятына болгон кызыгуусун арттырууга олуттуу салым кошту.















