Перейти к содержимому

КЫРГЫЗ жана ТҮРК ТИЛДЕРИНИН ТЕОРИЯСЫ КАФЕДРАСЫ

Кыргыз жана түрк тилдеринин теориясы кафедрасы 1992-жылы уюшулган. 1992-1993-жылдары кафедра башчысы болуп ф.и.к., доц. К.Конкобаев, 1993-2001-жылдары ф.и.к., доц. Ж.Жумалиев, 2001-2009-жылдары ф.и.д., С.Өмүралиева, 2009-жылдан 2017-жылга чейин проф. Т.Т.Токоев жетекчилик кылып келген. 2017-жылы кыргыз тил илими жана филология түрк  кафедралары биригип “Кыргыз жана түрк тилдеринин теориясы” кафедрасы аталып, ф.и.д., проф. Б.Ж.Усмамбетов кафедра башчылыкты жетектеп келүүдө.

Кыргыз жана түрк тилдеринин теориясы кафедрасынын негизги милдеттери: Кыргыз жана түрк тилдерине тиешелүү тармактар боюнча студенттерге теориялык жана практикалык терең билим берүү; Студенттер тил илими боюнча илимий – изилдөө иштерин жүргүзүүнүн ыкмаларын үйрөтүп, реферат, курстук, дипломдук иштерди, илимий макалаларды, докладдарды жазууга жетекчилик кылуу; кафедрада уюшулган магистратуранын окуу планына ылайык окуу жана илимий – методикалык иштерди уюштуруу; илимий-изилдөө иштерин окуу менен айкалыштыруу максатында аспиранттарды жетектеп, илимий деңгээлин өнүктүрүү. Ал максатка жетүү үчүн илимий-теориялык  конференцияларды уюштуруу, басылмаларды даярдап чыгаруу; орто мектептерде, жогорку окуу жайларында кыргыз тили жана түрк тили боюнча сабак өтүүнүн методикасын үйрөтүү; кыргыз тили жана аны окутуунун методикасы боюнча окуу планында каралган тандоо боюнча курс, адистик семинарлардын лекцияларын окуу, практикалык сабактарын өтүү; кафедрада алган билимин практикалык жактан тереңдетүү максатында орто мектептерде, Түрк билим берүү борборлорунда, котормо агенттиктеринде практикадан өтүшөт.

Кафедранын ишмердүүлүгү: Кафедра окутуучулары теориялык иштери менен бирге азыркы кыргыз тили курсу, диалектологиясы, тарыхы, маданият аралык коммуникациянын тили, кыргыз тилин окутуунун методикасы, стилистикасы, тексттин лингвстикасы, түрк тилдеринин тарыхы, жазуусу, салыштырма грамматикасы, түрк тили боюнча теориялык, практикалык курстар боюнча окутуу жана жумушчу программаларды, иштелмелерди түзүшөт жана окуу китептерин жазышат. Кафедрада окутуучулар тарабынан түркология жана кыргыз тил илиминин турдүү проблемалары боюнча илимий-изилдөө иштерин жүргүзушүп, эл аралык жана республикалык деңгээлде илимий теориялык, практикалык конференцияларды өтүшөт. Ошондой эле өтүлүп жаткан, илимий конференцияларга байма-бай катышып, илимий макалалары жарык көрүп турат. Профессор–окутуучулар тарабынан түркологиядагы, кыргыз тил илиминдеги актуалдуу маселелерди камтыган бир нече окуу китептери, окуу куралдары жазылды. Кафедра КР Жогорку аттестациялык комиссиясынын астындагы төрт адистикте кандидаттык, докторлук диссертацияны коргоо боюнча жетекчилик кылат.

Кафедрада профессор-окутуучулардын курамы: Кафедра башчысы ф.и.д., проф. м.а Усмамбетов Б.Ж., ф.и.к., проф. Карымшакова А.Т., ф.и.к., доц. м.а. Уметалиева Т.У., ф.и.к., доц. м.а Артыкова Ж.А.,  ф.и.к., доц. м.а. Садыралиева Г.Э., п.и.к., доц.м.а. Беделова К.А., ф.и.к., доц. Эстебесова П.С окутуучу Абдиева В.Э., окутуучу Турмаханбетова А.А., кафедра катчысы Жумабай кызы Батма эмгектенишет.

Окуу-методикалык кабинеттер: Кафедрага тиешелүү окуу-методикалык колдонмолор, илимий эмгектер М.Ауэзов атындагы окуу-методикалык жана Ч.Айтматов атындагы окуу-методикалык борбордо уюшулган. Аталган борборлордо студенттер жана окутуучулардын катышуусунда ар тараптуу окуу-методикалык иш чаралар өтүп турат.

Илимий-изилдөө иштери

Кыргыз адабияты кафедрасынын окутуучулары илимий ишддее иштерин үстүндө жигердүү аракеттенишүүдө. Кафедранын улук окутуучусу БЖ. Борбучалова «Кыргыз прозасындагы сатира, юмор жанрынын калыптанышы, енугушу» деген темадагы плимий они жактоо алдында турат. Окутуучулар пливий конференцияларга активдүү катышып, илимий калалары жарыяланууда. Аспиранттар плимий жетекчилери менен биргеликте и алып барышууда.

Студенттердин илимий иштери

  Кыргыз тили жана түрк тилдеринин теориясы кафедрасынын СИИИ  боюнча кафедранын ар бир мүчөсүнүн индивидуалдык  пландарында белгиленген өлчөмдө студенттер менен конкреттүү илимий темада изилдөө иштери каралган. Мындан сырткары курстук жана дипломдук иштердин темалары сунушталып, талкуудан өткөрүлүп, кафедранын жыйналышында бекитилет. 1-курстун студенттерин китепканада иштөөнүн жол-жоболору менен тааныштыруу иштери окутуучулар тарабынан жүргүзүлөт. Студенттерге курстук, дипломдук иштерди, илимий доклад, реферат жазуунун жолдору атайын  сабак өтүүнүн негизинде үйрөтүлөт.

        Факультетте уюштурулган ар кыл тематикадагы дил баяндар конкурстарына студенттер катышып турат. Андан сырткары сабактардан тышкаркы коомдук иштерде студенттер өз мүмкүнчүлүктөрүн пайдалана алышат.

Практика

Студенттердин практикага чыгуусу факультеттин окуу планына ылайык жүргүзүлөт. Окуу планы боюнча 2-курс КТА «Адаптациялык-педагогикалык», МТ 2-курс «Диалектологиялык практика» 3-курс КТА «Кесиптик-базалык», 3-курс МТ «Фольклордук практика», 4-курс «Кесиптик багыттык», «Квалификация алындагы практика, 4-курс МТ «Үйрөнүү-педагогикалык практика» 5-курс «Мамлекеттик практика». «Диплом Алдындагы практика»

Советтер Союзунун Баатыры генерал-майор Д.Асанов атындагы Кыргыз Улуттук аскердик- лицейи, А.Осмонов атындагы №68 жалпы орто билим берүү мектеби, А.Молдокулов атындагы №5 улуттук инновациялык мектеп-лицейи, Н.Гянджеви атындагы №103 жалпы орто билим берүү мектеби, Ж.Садыков атындагы № 84 жалпы орто билим берүү мектеби, К.Акматов атындагы №58 жалпы орто билим берүү мектеби, К.Бобулов атындагы №88 жалпы орто билим берүү мектеби, №74 жалпы орто билим берүү мектеби, №25 жалпы орто билим берүү мектеби.

БИЛИМ БЕРҮҮ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ

Дисциплиналар жана курстар:

  • Кыргыз тили.
  • Тил илимине киришүү.
  • Тил илими.
  • Азыркы кыргыз тили.
  • Азыркы кыргыз тили. Фонетика.
  • Азыркы кыргыз тили. Морфология.
  • Азыркы кыргыз тили. Лексикология.
  • Азыркы кыргыз тили. Синтаксис.
  • Азыркы түрк тили.
  • Азыркы түрк тили. Стилистка.
  • Түрк тилинин теориясы жана практикасы.
  • Түрк тилинин практикуму.
  • Түрк тилинин пикир алышуунун маданиятынын практикуму.
  • Чет тили (Түрк)
  • Түрк тилдеринин тарыхы
  • Түрк тилдеринин салыштырма грамматикасы
  • Классикалык тилдер
  • Компьютердик лингвистика
  • Кыргыз диалектологиясы
  • Котормонун теориясы жана практикасы
  • Кыргыз тилинин стилистикасы
  • Салыштырма грамматика (филологиялык анализ)
  • Текст  таануу
  • Текстке лингвистикалык талдоо жүргүзүү
  • Түркологияга киришүү
  • Окутуунун методикасы
  • Окулуп жаткан тилдердин методикасы
  • Кыргыз эмес мектептерде кыргыз тилин окутуунун методикасы
  • Кыргыз тилинин практикалык курсу
  • Кыргыз жана орус тилинин салыштырма  типологиясы
  • ТБК: Орто түрк доорундагы түрк элдеринин жазуусу
  • ТБК: Семантика
  • ТБК: Семасиология
  • ТБК: Когнитивдик лингвистика
  • ТБК: Кеп маданияты
  • ТБК: Адабий тилдин нормасы
  • ТБК: Салыштырма грамматика
  • ТБК: Стилистика
  • Жалпы тил илими

Кабылдама: +996 (312) 21-92-19

Дареги: Ч.Айтматов проспектиси, 27. В-блок, 4-кабат, 408В.