2025-жылдын 31-октябрында академик Кусейин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин Кыргыз филологиясы факультетинин МТ-3-21 группасынын студенти Нурмухамед кызы Даткагул Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун буйругу менен жогорку окуу жайларынын эң мыкты жана үлгүлүү студенттерине 2024–2025-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча тапшырылган Президенттик стипендияга ээ болду.
Бишкек мамлекеттик университетинин жамааты Нурмухамед кызы Даткагулду бул жогорку мамлекеттик сыйлык менен чын дилинен куттуктап, ага мындан аркы окуусунда, илимий изденүүлөрүндө жана чыгармачылык ишмердүүлүгүндө зор ийгиликтерди каалайт.
