2026-жылдын 12-мартында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндө Жарлыгына ылайык академик К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде «Коомдун өнүгүшү – илимде» аттуу тегерек стол уюштурулду.
Жыйынга университеттин ректору, профессор Мирлан Дылдаев, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын Тил саясаты бөлүмүнүн башкы адиси Асылбек Орозов, профессордук-окутуучулар курамы, илимий кызматкерлер жана студенттер катышты.
Ачылыш сөзүндө Мирлан Дылдаев өлкөнүн интеллектуалдык жана руханий потенциалын бекемдөөдө илим менен билим берүүнүн орду өзгөчө экенин белгилеп, «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу ушул багыттагы маанилүү мамлекеттик демилге экенине токтолду.
Жыйында тарых, философия, экология, мамлекеттик тил саясаты жана улуттук баалуулуктар темалары камтылып, адистер тарабынан бир катар баяндамалар сунушталды. Анда Кыргызстандагы тарых илиминин өнүгүү келечеги, кыргыз философиясынын өзгөчөлүктөрү, экологиялык маданияттын жашыл экономиканын негиздеринин бири катары мааниси, ошондой эле мамлекеттик тил саясатынын коомдогу ролу тууралуу пикирлер айтылды.
Студенттер тарабынан улуттук нарктуулук жана жаштардын баалуулуктарга болгон көз карашы жөнүндө ойлор ортого салынып, жаш муундун коомдук өнүгүүдөгү орду белгиленди.
Жыйынтыгында илимди колдоо, улуттук баалуулуктарды сактоо, экологиялык маданиятты өнүктүрүү жана мамлекеттик тилдин колдонулушун кеңейтүү маселелери коомдун туруктуу өнүгүшүнүн маанилүү шарттары экени белгиленди.
