Социалдык маалымат жана документология кафедрасынын 1-курсунун студенттери — Токторова Айтунук, Капарова Нурайым жана Тилекова Үмүт
Студенттерибиз «Инсан деми» коомдук фондунда волонтер болуп, өздөрүнүн аракетчилдиги, жоопкерчилиги жана берилгендиги менен айырмаланып, аталган фонд тарабынан ыраазычылык каттар менен сыйланышты.
Мындан тышкары, Жолдоштун ден соолугуна арналган кайрымдуулук иш-чарасына активдүү катышып, ак ниет эмгеги жана кошкон салымы үчүн атайын ыраазычылык баракчаларына ээ болушту.
Мындай коомдук пайдалуу иштер студенттерибиздин жигердүүлүгүн гана көрсөтпөстөн, тайпанын жана окуу жайыбыздын аброюн көтөрүүгө чоң салым кошот.
Студенттерибизге терең ыраазычылык билдиребиз жана мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалайбыз!

