Кыргыз адабияты кафедрасы факультеттеги жетектөөчү кафедралардын бири. «Кыргыз адабияты” кафедрасы 1992-жылы билим берүү стандарттарына толук жооп бере турган жогорку деңгээлдеги адистерди даярдоочу кафедра катары уюшулган. Кафедра жогорку кесиптик билим берүүнүн программалары боюнча студенттерди, магистранттарды даярдайт.
Кафедранын негизги максаты – адабияттын теориясын, тарыхын сапаттуу окутуу, окутуучулардын илимий-теориялык, илимий-педагогикалык потенциалын көтөрүүгө, педагогдук тажрыйбаларын арттырууга жетишүү жана илимий-усулдук, илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү менен бирге кафедранын материалдык-техникалык базасын чыңдоо болуп саналат.
Кафедранын миссиясы: өз өлкөсүнүн маданиятын, адабиятын,тилин, тарыхын, адеп-ахлактарын терең билген жана мекенин кадырлап сүйө турган жогорку кесиптеги адистерди даярдоо, заманбап технологияларды өздөштүрө билген инсандарды тарбиялоо.
“Филологиялык билим берүү” – тил, адабият жана маданият боюнча түшүнүгүн, сынчыл ой жүгүртүүсүн жана окутуу тажрыйбасын өнүктүрүү аркылуу натыйжалуу жана билимдүү, кесипкөй профессордук-окутуучулук курамды даярдоо.
Кафедра бакалаврды даярдоонун төмөнкү багыттары боюнча студенттерди даярдайт:
550300 Филологиялык билим берүү
магистр даражалары:
550300 Филологиялык билим берүү
Филологиялык билим
531000 Филология
Кафедрада жыл сайын адабий сындын жана методологиянын актуалдуу маселелери боюнча кандидаттык жана квалификациялык диссертациялар корголуп келет.
Байланыш номери: +996 (312 218 937)
Дареги: Чыңгыз Айтматов атындагы проспект, 27, 404 В каб.