г.Бишкек, 720044, проспект Ч. Айтматова 27 +996 (312) 21-86-59 +996 (312) 54-32-21 bhu@bhu.kg

Профессору, историку Сапаралиеву Дөөлөтбеку Бекишовичу 70 лет

Кыргыз Респуликасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкери, илим тармагындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, тарыхчы, профессор
Сапаралиев Дөөлөтбек Бекишовичтин 70 жылдык салтанатттуу жыйыны академик К. Карасаев атындагы БМУнун чоң залында орун алды.

Иш-чараны академик К. Карасаев атындагы БМУнун ректору, филология илиминин доктору, профессор Мусаев Абдылда Инаятович алып барып, Билим берүү, Маданият жана Ички иштер министрликтеринин өкүлдөрү, өлкөбүздүн алдыңкы университтеринин ректорлору куттуктоо сөздөрүн сүйлөө менен сыйлыктарын тапшырышты.

Сапаралиев Дөөлөтбек Бекишович, 24 — октябрь 1953 — жылы Кыргыз Республикасынын Нарын областынын Жумгал районунун Чаек айылында төрөлгөн.
Эмгек жолунда Илимдер академиясында, Улуттук университетте, Кыргыз-Түрк Манас университетинде иш аркалап, жетектөөчү кызматтарга чейин иштеген.

2017 — жылдын 17 — октябрынан бери К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык (азыр мамлекеттик) университетинин чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинде Кыргызстандын жана чыгыш чет өлкөлөрдүн тарыхы кафедрасынын башчысы кызматын аркалап келет.

32 ден ашуун илимий жана усулдук (а. и. 6 монография, 4 брошюра, 22 авторлоштукта жазган эмгектер) кыргыз, орус, англис жана түрк тилдеринде чыгарылган китептердин автору. Ошондой эле 5 усулдук китепче, 212 илимий макалалар жана тезистерди жарыялаган. 208 ден ашуун илимий — популярдуу макалалары журналдар менен гезиттерде басылган. Жалпысын алганда 457 аталыштагы эмгектери жарыяланган.

Наш адрес

г.Бишкек, 720044, проспект Ч. Айтматова 27

bhu@bhu.kg

+996 (312) 21-86-59

© Добро пожаловать в БГУ. Мы верим в твой правильный выбор. Designed by