Кусеин Карасаев 1901-жылдын 5-январында Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Кара-Секи айылында туулган. Ал филология илимдеринин кандидаты, профессор, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, I даражадагы «Манас» орденинин кавалери, Эмгек Кызыл Туу орденинин ээси, Касым Тыныстанов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты болгон.
Академик Кусеин Карасаев түркология илиминин өнүгүшүнө зор салым кошуп, тил илиминин ар кыл багыттарында үзүрлүү эмгектенген. Ал 16 түрк тилинде, ошондой эле араб, фарс жана немис тилдеринде эркин сүйлөгөн жогорку билимдүү, көп тилдүү окумуштуу катары таанылган.
Залкар инсан өмүрүнүн акыркы жылдарына чейин илимий жана чыгармачылык ишмердүүлүгүн улантып, 97 жаш курагында дүйнө салган.
Академик Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети бул улуу илимпоздун ысымын алып жүрүү менен сыймыктанат жана анын бай илимий мурасын сактоону, изилдөөнү жана даңазалоону өзүнүн негизги милдети катары эсептейт.
