Перейти к содержимому

БМУда окуудан тышкаркы иштер боюнча декандардын орун басарлары менен жумушчу жыйын өттү

БМУда окуудан тышкаркы иштер боюнча декандардын орун басарлары менен жумушчу жыйын өттү

2026-жылдын 16-январында Академик К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде мамлекеттик тил жана окуудан тышкаркы иштер боюнча проректор Артыкова Жамал Абдисаламовнанын жетекчилиги алдында факультеттердин тарбия иштери боюнча декандардын орун басарлары менен жумушчу жыйын өткөрүлдү.

Жыйында 2026-жылга карата окуудан тышкаркы иштердин жылдык планы талкууланып, тарбиялык, маданий жана илимий иш-чараларды уюштуруу маселелери каралды. Ошондой эле 20-февраль — Эл аралык эне тил күнүнө карата өткөрүлө турган университеттер аралык фестивалды жогорку деңгээлде уюштуруу боюнча тапшырмалар берилди.

Мындан тышкары, жаштар арасында терс көрүнүштөрдүн алдын алуу, мамлекеттик тилди өнүктүрүү, студенттердин активдүүлүгүн арттыруу жана факультеттер аралык кызматташууну күчөтүү боюнча сунуштар айтылды.