2026-жылдын 14-апрелинде К.Карасаев атындагы БМУнун кыргыз адабияты кафедрасы тарабынан уюштурулган “Манас” — кыргыз рухунун туу чокусу” аттуу факультеттер аралык таймаш болуп өттү.
Иш-чаранын негизги максаты: улуу эпосубузду жайылтуу, жаштардын руханий дүйнөсүн байытуу, мекенчилдикке үндөө, тарыхый мурастарыбызды даңазалоо болуп саналат.
Таймаш 4 баскычтан туруп, калыстардын чечими менен тайпалар төмөнкүдөй көрсөткүчтөргө ээ болушту:
1-орун “Ак шумкар” тобу;
2-орун “Көйкашка” тобу;
3-орун “Орошон” тобу.
Жыйынтыгында ар бир топтун мүчөсү диплом, ыраазычылык каттар жана баалуу белектер менен сыйланышты.
