2026-жылдын 16-апрелинде К.Карасаев атындагы БМУнун кыргыз филологиясы факультетинин жалпы студенттери арасында “БИЛИМ ТАЙМАШ” аттуу интеллектуалдык конкурс болуп өттү.
Бул конкурстун негизги максаты: катышуучулардын кыргыз тили боюнча билим деңгээлин жогорулатуу, тилдин лексикалык, грамматикалык жана стилистикалык өзгөчөлүктөрүн терең өздөштүрүүгө шарт түзүү. Ошондой эле студенттердин ой жүгүртүүсүн өнүктүрүп, логикалык жана чыгармачылык жөндөмдөрүн арттыруу.
Мындан тышкары, “Билим таймаш” аркылуу мамлекеттик тилге болгон кызыгууну күчөтүү, аны урматтоо жана баалоо сезимин тарбиялоо, ата-бабалардан калган тил мурасын сактоого үндөө болуп саналат.
Таймаш залда отурган студенттерге суроо берүү аркылуу
*Генийлер бригадасы
*Акыл бомбасы
*Мээ чайкагычтар аттуу командаларды топтоо менен башталды. Конкурс 3 этаптан турду:
- Квест
- Тематикалык таймаш
- Бат суроо
Жыйынтыгында лоторея ойнотулуп, жеңүүчүлөргө баалуу белектер тапшырылды.
Уюштуруучулар: Кыргыз жана түрк тилдеринин теориясы кафедрасы
