Перейти к содержимому

Академиялык мобилдүүлүк: БМУнун студенттери ЕНУда билим алышат

Академиялык мобилдүүлүк: БМУнун студенттери ЕНУда билим алышат

«Welcome to ENU» академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Академик К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин (БМУ) студенттери Марлесова Айпери, Жолдошбек кызы Аяна, Арзыбаева Элиза, Уланбекова Нуриза Л.Н. Гумилев атындагы  Евразиялык улуттук университетинде (Астана шаары, Казакстан) 2025–2026-окуу жылдын биринчи семестринде билим алышат.

Академиялык мобилдүүлүк программасы студенттерге жаңы билим алуу, тажрыйба алмашуу жана Кыргызстандын жана Казакстандын университеттери ортосунда академиялык байланыштарды кеңейтүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Студенттерибизге ийгилик жана чоң жетишкендиктерди каалайбыз! ��✨