Академик К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү, түзүм жетекчилери жана кафедра башчыларынын катышуусунда жыйын болуп өттү.
Жыйында студенттерди кабыл алуунун жыйынтыктары талкууланып, сапаттуу билим берүү маселелери, кыргыз тилин өнүктүрүү стратегиясы жана тил саясатын ишке ашыруу багыттары каралды. Ошондой эле окуу процессинде мыйзам бузууларга жол бербөө, академиялык чынчылдыкты бекемдөө, университетте жүргүзүлүп жаткан оңдоп-түзөө иштеринин абалы жана алдыдагы пландар, ошондой эле башка маанилүү маселелер кеңири талкууга алынды.





