Сиздерди жаңы окуу жылынын башталышы жана 1-сентябрь – Билим күнү менен чын дилибизден куттуктайбыз! 📚✨
Бул күн – ар бир студент үчүн билим алуу, изденүү жана чоң максаттарды багындыруу жолундагы жаңы барактын башталышы. Айрыкча, университетибиздин босогосун алгач ирет аттап жаткан 1-курстун студенттерин “кош келиңиздер” деп өзгөчө кубануу менен куттуктагыбыз келет. 🌟
Ааламдашуу доорунда өлкөбүздүн келечеги – билимдүү, чыгармачыл, мекенчил жаштардын колунда. Университетибиз мыкты профессордук-окутуучулук курамы жана көп кырдуу мүмкүнчүлүктөрү аркылуу сиздердин ийгиликтүү адис болуп калыптанышыңыздарга бекем пайдубал түзүп берет.
Жаңы окуу жылы ар бириңиздер үчүн шыктануунун, жетишкендиктердин жана жеңиштердин жылы болсун! ✨
Билим күнүңүздөр кут болсун! 🎉
