Перейти к содержимому

Академик К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде «Ак калпак — кыргыз мурасы» аттуу форум болуп өттү

Академик К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде «Ак калпак — кыргыз мурасы» аттуу форум болуп өттү

2026-жылдын 5-мартында академик К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын даңазалоого арналган «Ак калпак — кыргыз мурасы» аттуу форум болуп өттү.

Иш-чарага мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, илимпоздор, маданият өкүлдөрү, университеттин окутуучулары жана студенттер катышты. Форумдун негизги максаты — ак калпактын тарыхый, маданий жана философиялык маанисин кеңири талкуулоо, улуттук баалуулуктарды сактоо жана аларды жаш муундун аң-сезиминде жайылтуу болду.

Форумду университеттин ректору Мирлан Дылдаев ачып, ак калпак кыргыз элинин тарыхын, дүйнөтаанымын жана руханий маданиятын чагылдырган өзгөчө символ экенин белгиледи.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев сөз сүйлөп, ак калпак кыргыз элинин улуттук иденттүүлүгүн, тарыхый эстутумун жана маданий мурасыбыз экенине токтолду.

Форумдун алкагында, «Ак калпак — улуттук аң-сезимдин символу» аттуу баяндама менен Кыргыз Республикасынын президентине караштуу  Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Казакбаев чыгып сүйлөп, калпактын философиялык маңызы, тарыхый өнүгүүсү жана улуттук символ катары ролу тууралуу кеңири маалымат берди.

«Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» доктринасынын философиясы, максаты жана мааниси аттуу темада Кыяс Молдокасымов баяндап, улуттук баалуулуктарды сактоо жана аларды муундан-муунга өткөрүп берүү маселелерине токтолду.

Форумдун жүрүшүндө катышуучулар активдүү талкууларга катышып, ак калпактын тарыхый, маданий жана руханий мааниси тууралуу пикир алышты.

Иш-чара улуттук маданиятты сактоо, кыргыз элинин тарыхый мурастарын даңазалоо жана жаштарды улуттук баалуулуктарды урматтоого тарбиялоо багытында маанилүү аянтча болду.