К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде кезектеги окумуштуулар кеңешинин жыйыны болуп өттү. Жыйында окуу жайдын өнүгүүсүнө байланышкан бир катар маанилүү маселелер каралды.
Алгач университеттин илимий китепканасынын директору Турдукеева Р.Л. “Университеттин жана факультеттердин илимий китепканасынын учурдагы абалы жана өнүгүү перспективалары” тууралуу баяндама жасап, маалыматтык ресурстарды жаңылоо, санариптик базага өтүү жана окурмандарга кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу багытындагы иштер тууралуу айтып өттү.
Андан соң университеттин окумуштуу катчысы Сейткожоева З.А. “Окумуштуулук даража жана наам ыйгарууга болгон талаптардагы өзгөрүүлөр” боюнча баяндама жасап, жаңы жоболор жана талаптар тууралуу кеңири маалымат берди.
Күн тартибиндеги маселелердин «Ар кандай маселелер» бөлүмүндө төмөнкү документтер талкууланып, бекитилди:
• «Дуалдык окутууну уюштуруу жөнүндөгү жобо» — баяндамачы Таджибаева Т.Р., окуу бөлүмүнүн башчысы;
• Кыска мөөнөттүү курстар боюнча кошумча кесиптик билим берүү программасынын окуу планы;
• «Кошумча жана инклюзивдик билим берүү. Окутуу жана тарбиялоо теориясы менен методикасы» аттуу кошумча кесиптик билим берүү программасынын окуу планы — баяндамачы Асанбаева Г.Ж., ҮАББКДКЖИнин директору.
Жыйындын жыйынтыгында бардык маселелер боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды.





