2025-жылдын 23-октябрында NABU Кыргызстан уюмунун демилгеси менен Эл аралык илбирс күнүнө арналган «Илбирс – керемет жана аярлуу» аттуу окуу семинары өткөрүлдү. Иш-чаранын максаты — студенттердин жаратылышты, өзгөчө тоо экосистемаларын жана илбирсти коргоо боюнча билимдерин тереңдетүү болуп саналат.
Семинарга К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин Экология жана менеджмент факультетинин студенттери — Бакиров Байэл, Мирланова Кэрилайн жана Мыктыбеков Исан — катышып, илбирсти жана тоо экосистемасын коргоо маселелери боюнча баяндамаларды жасашты.
Бишкек мамлекеттик университетинин студенттеринин мындай иш-чараларга активдүү катышуусу жаратылышты коргоо жаатындагы экологиялык маданиятты өнүктүрүүгө жана жаш муундун экологиялык жоопкерчилигин жогорулатууга өбөлгө түзөт.






