2025-жылдын 28-июлунда К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетине АКШнын Тынчтык Корпусунун Кыргыз Республикасындагы Аймактык жетекчиси Асель Сапарбаева жана Мониторинг жана баалоо адиси Толгонай Сопукеева иш сапары менен келишти. Сапардын алкагында алар университет жамаатына жаңы ыктыярчы Кайн Бишопту тааныштырып кетишти.
Тынчтык Корпусунун өкүлдөрүн университеттин ректору, профессор Мирлан Дылдаев, Эл аралык кызматташуу жана инвестиция департаментинин директору Эдиль Канатбеков, эл аралык билим берүү программалар жана долбоорлор боюнча координатор Рахат Рай кызы, ошондой эле ыктыярчынын каунтерпарты Жаныбек Базарбаев тосуп алышты.
Жолугушууда ыктыярчыны жылуу кабыл алуу менен бирге, алдыңкы айларда студенттер жана профессордук-окутуучулар курамы менен эко-туризм багытында иш алып баруу боюнча пландар талкууланды. Иш сапар достук маанайда өтүп, тараптар Тынчтык Корпусу менен болгон кызматташтыкты мындан ары да тереңдетүүгө кызыктар экендигин билдиришти.



