Бүгүн биз сиздерди академик К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин ардактуу окутуучуларынын бири — профессор Ишемкулов Тилектеш Ишемкулович менен тааныштырабыз
БМУнун профессору — Тилектеш Ишемкулович Ишемкулов
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, БМУнун журналистика жана маалымат системалары факультетинин профессору.
Анын өмүр жолу — өлкөгө кызмат кылуунун өрнөгү:
– комсомолдук, партиялык жана мамлекеттик түзүмдөрдө жетекчилик кызматтарда иштеген
– Кыргыз Республикасынын Казакстандагы биринчи Элчиси болгон
– «Советтик Кыргызстан» гезитинин башкы редактору
– Кыргызстан Журналисттер союзунун төрагасы
– алты китептин жана 200дөн ашуун макаланын, адабий-илимий изилдөөлөрдүн автору
– БУУ, ЮНЕСКО сыяктуу эл аралык уюмдардын расмий документтерин кыргыз тилине которгон
Бишкек мамлекеттик университетинде журналистика кафедрасынын негиздөөчүлөрүнүн бири болуп, бүгүнкү күндө да окутуучулук, илимий жана чыгармачылык ишмердүүлүгүн улантып келет. Өзүнүн билими, тажрыйбасы жана руханий дүйнөсү менен студенттерге дем берип, аларды ой жүгүртүүгө, жазууга жана мекенге кызмат кылууга шыктандырып келет.
Жакында эле ал студенттерге өзү жазган ырларын окуп берип, ошол учур тартылган видео интернет колдонуучуларынын жүрөгүнөн орун алып, кеңири тарап кетти.
Агайдын сабактары — бул жөн гана билим берүү эмес, руханий байлыкка жол ачкан таасирдүү мүнөттөр!
