Перейти к содержимому

БМУ менен Синьцзянь университетинин ортосунда кызматташтыкты кеңейтүү боюнча жолугушуу өттү

БМУ менен Синьцзянь университетинин ортосунда кызматташтыкты кеңейтүү боюнча жолугушуу өттү

Бүгүн БМУнун ректору, профессор Мирлан Дылдаев Кытай Эл Республикасынын Синьцзянь университетинин География жана дистанттык мейкиндикте изилдөө илимдер институтунун директору, профессор Zhang Feng жетектеген делегацияны кабыл алды. Делегация курамында академиялык иштер боюнча проректор, доцент Ma Xu, профессор Xu Changchun жана окутуучу Dai Yue болду. Жолугушууга БМУ тараптан Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн директору Эдил Канатбеков, координатору Рахат Рай кызы, География, туризм жана табигый илимдер кафедрасынын башчысы Алымкул Орозалиев жана Экология жана жаратылышты пайдалануу кафедрасынын башчысы Айнура Молдобачаева катышты.

Жолугушууда эки университеттин география, экология жана алыстан зонддоо тармактарындагы кызматташтыгы тууралуу талкуу жүрүп, окутуучу жана студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн өнүктүрүү, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, семинар-тренингдерди өткөрүү мүмкүнчүлүктөрү каралды. Тараптар билим берүү жана илим тармагындагы өз ара байланыштарды чыңдоого кызыкдар экенин билдиришти.