2025-жылдын 18-июлунда Бишкек мамлекеттик университетинин ректору Мирлан Дылдаев Япония мамлекетинин Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Хидэки Года мырза менен расмий жолугушуу өткөрдү. Жолугушуу Япония элчилигинин имаратында өтүп, тараптар эки өлкөнүн маданий аралык кызматташуусу тууралуу пикир алышты. Өзгөчө көңүл Бишкек мамлекеттик университетинин Япон таануу бөлүмүн өнүктүрүү, студенттер менен окутуучулардын алмашуусу, биргелешкен маданий иш-чараларды өткөрүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Мирлан Дылдаев БМУнун Япон тили жана маданияты боюнча жүргүзүп жаткан иштерине токтолуп, бул багытты дагы тереңдетүүгө даяр экенин билдирди. Өз кезегинде, элчи Хидэки Года мырза университеттин демилгелерин кубаттап, Япония тарап кызматташууга кызыкдар экенин баса белгилеп, жыйынтыгында тараптар келечекте эки тараптуу байланыштарды тереңдетүүгө макулдашты.
БМУнун ректору Япониянын Кыргызстандагы элчиси менен жолукту
