Бишкек мамлекеттик университетинин Экология жана менеджмент факультетинин «Туризм» адистиги боюнча 2-курс студенти Кудашбекова Гулжамал Нурбековна 2025–2026-окуу жылынын күзгү семестрин Кипр Айдын университетинде академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында улантат.
Академиялык алмашуу мөөнөтү 2025-жылдын 22-сентябрынан тартып 2026-жылдын январь айынын аягына чейин белгиленген. Бул программа БГУ студенттерине чет өлкөлүк жогорку окуу жайларда сапаттуу билим алуу, кесиптик тажрыйба топтоо жана эл аралык академиялык байланыштарды кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн берет.
Окуу иштери боюнча проректор Канатбек Токтобаев, Эл аралык кызматташуу жана инвестиция департаментинин директору Эдиль Канатбеков жана эл аралык билим берүү программаларынын координатору Рахат Рай кызы студентке ийгиликтүү окуу жана жогорку жетишкендиктерди каалашты.
Бишкек мамлекеттик университети студенттеринин эл аралык деңгээлдеги билим алуусун колдоону жана өнөктөштүк мамилелерин мындан ары да кеңейтүүнү улантат.
