Перейти к содержимому

БМУнун ректору жогорку билим жана илим боюнча улуттук кеңешмеге катышты

БМУнун ректору жогорку билим жана илим боюнча улуттук кеңешмеге катышты

2025-жылдын 16-сентябрында Бишкек шаарында өткөн жогорку билим берүү жана илимди өнүктүрүү боюнча координациялык кеңешмеге К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин ректору, профессор Мирлан Дылдаев катышты. Иш-чарага жогорку окуу жайлардын, Улуттук илимдер академиясынын, илимий-изилдөө институттарынын жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышып, билим берүү, илим, санариптештирүү, инновациялар жана интеллектуалдык менчик тармактарындагы стратегиялык маселелер талкууланды. Кеңешменин жыйынтыгында жогорку билим берүү жана илим жаатындагы улуттук стратегияны ишке ашыруу боюнча практикалык сунуштар иштелип чыгып, эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү чаралары белгиленди.