Перейти к содержимому

БМУда биринчи курстун студенттерин кабыл алуу аземи болуп өттү

БМУда биринчи курстун студенттерин кабыл алуу аземи болуп өттү

2025-жылдын сентябрында К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде жаңы окуу жылынын башталышы жана биринчи курстун студенттерин кабыл алуу аземи өттү. Иш-чарага университеттин ректору, факультет жетекчилери жана студенттер катышышты.

Ректор Мирлан Дылдаев студенттерди жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап, билим алуу жолунда ийгиликтерди каалады. Салтанат Маданият жана жаштар менен иш алып баруу бөлүмү даярдаган концерттик программа менен коштолуп, БМУнун таланттуу студенттери чыгармачылык номерлерди аткарып, конок катары  ырчы Алмаз Шаадаев өз чыгармаларын тартуулады. Студенттерди кабыл алуу аземи жылуу жана майрамдык маанайда өттү.