Перейти к содержимому

Бишкек мамлекеттик университетинин жетекчилиги менен Ханбат университетинин өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү

Бишкек мамлекеттик университетинин жетекчилиги менен Ханбат университетинин өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү

2025-жылдын 3-ноябрында академик К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде Түштүк Кореянын Ханбат университетинин өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү жаатындагы кызматташуу жана академиялык мобилдүүлүк багытындагы маселелерди талкуулашты. Атап айтканда, кош диплом берүүчү биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Программалар төмөнкү моделдерди камтыйт:

a) 1+2+1 – студенттер биринчи академиялык жылды БМУда, кийинки эки жылды Ханбат университетинде, ал эми акыркы жылды кайрадан БМУда окушат;

b) 2+2 – студенттер алгачкы эки академиялык жылды БМУда, кийинки эки жылды Ханбат университетинде улантышат.

Бул кызматташтык эки окуу жайдын ортосундагы эл аралык академиялык байланыштарды чыңдоого жана студенттердин кесиптик тажрыйбасын кеңейтүүгө багытталган.