2025-жылдын 31-октябрында К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин Үзгүлтүксүз аралыктан билим берүү, кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунда “Балдарга кошумча билим берүүдө заманбап технологиялар жана башкаруунун жаңы механизмдери” аттуу Кыргыз Республикасынын балдарга кошумча билим берүү уюмдарынын директорлору үчүн уюштурулган алгачкы квалификацияны жогорулатуу курсу ийгиликтүү аяктады.
Курс учурунда катышуучулар кошумча билим берүү системасындагы заманбап ыкмаларды, санариптик технологияларды колдонуу жолдорун жана билим берүү уюмдарын башкаруунун жаңы моделдерин өздөштүрүштү.
Иш-чаранын жыйынтыгында курстун бүтүрүүчүлөрүнө күбөлүктөр тапшырылды.


