Перейти к содержимому

БМУда квалификацияны жогорулатуу курсу башталды

БМУда квалификацияны жогорулатуу курсу башталды

2025-жылдын 20-октябрында К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин Үзгүлтүксүз аралыктан билим берүү, кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун курамындагы жаңы түзүлгөн Кошумча жана инклюзивдүү билим берүү кафедрасы тарабынан “Балдарга кошумча билим берүүдө заманбап технологиялар жана башкаруунун жаңы механизмдери” аттуу квалификацияны жогорулатуу курсу өз ишин баштады.

Курс 2025-жылдын 20–31-октябры аралыгында өтүп, анын алкагында катышуучулар балдарга кошумча билим берүү тармагындагы заманбап ыкмалар, онлайн платформалар, мобилдик тиркемелер жана виртуалдык класстар аркылуу окутуунун өзгөчөлүктөрү менен таанышат.

Иш-чараны “Кошумча жана инклюзивдүү билим берүү” кафедрасынын жетекчиси Дария Мусина ачып берип, курстун максаты жана маанисине токтолду.

Курс жыйынтыгында катышуучуларга квалификациясын жогорулатуу тууралуу сертификаттар тапшырылат.