2025-жылдын 19-июнунда К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде Түркия Республикасынын Кызматташтык жана Координация Агенттигинин (ТIКА) Кыргызстандагы координатору Мехмет Бодур мырза менен жолугушуу болуп өттү.
Жолугушууда билим берүү жана илим тармагындагы кызматташтык маселелери, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Ошондой эле тараптар долбоорлорду уюштурууга ылайыктуу аянттар менен таанышып, келечекте ишке ашырылуучу багыттар боюнча пикир алышты.