2025-жылдын 16–17-октябрында Т. Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык институтунда “Инклюзивдик билим берүүнүн көйгөйлөрү жана өнүгүү багыттары” аттуу республикалык семинар болуп өттү.
Бул иш-чарага Бишкек мамлекеттик университетинин Педагогика жана психология кафедрасынын башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Элзада Сабырова, Башталгыч жана мектепке чейинки билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасынын башчысы Жылдыз Абдыракунова, ага окутуучулар Нурланова Айзат жана Жумадылова Айжан катышышты.
Семинарда Литва Республикасынан келген жогорку квалификациялуу адистер инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү боюнча өз өлкөсүндөгү жетишкендиктерди, инновациялык ыкмаларды жана педагогикалык тажрыйбаларды сунушташты.
Катышуучулар атайын педагогиканын ролун, логопед, дефектолог, тарбиячы сыяктуу адистерди даярдоонун заманбап талаптарын жана бул багыттагы негизги көйгөйлөрдү терең талкуулашты.
Семинардын негизги максаты – инклюзивдик билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, эл аралык тажрыйбаны үйрөнүү жана билим берүү адистеринин кесиптик даярдыгын өркүндөтүү болуп саналат.




