Перейти к содержимому

К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде Мугалимдер күнү белгиленди

К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде Мугалимдер күнү белгиленди

К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин күнү салтанаттуу белгиленди. Иш-чара билим берүү тармагында эмгектенип келе жаткан окутуучуларга арналды.

Салтанаттын ачылышында БМУнун ректору М.М. Дылдаев куттуктоо сөзүн сүйлөп, мугалимдердин коомдогу орду менен билим берүүдө аткарган зор эмгегине токтолду. Ошондой эле окутуучуларды колдоонун жана алардын үзүрлүү ишин баалоонун маанилүүлүгүн белгилеп өттү. Бул күнгө карата бир катар окутуучулар сыйлыктарга татыктуу болуп, аларга талыкпас эмгеги үчүн ыраазычылык билдирилди.

Маданий программа БМУнун таланттуу студенттеринин көркөм окуусу менен башталды. Андан соң Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, эл аралык жана республикалык айтыштардын жеңүүчүсү Азамат Болгонбаев өзүнүн чыгармалары менен көрүүчүлөрдү кубантты.

Ошондой эле концерттик программада Бишкек мэриясынын эл аспаптар оркестринин солисттери Байышов Аскат, Эркинбек кызы Акмарал, Асеков Улан, этно-эстрада ырчысы Канышай Сүйүмбай жана “Муза” бий тобу өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Иш-чара жылуу маанайда өтүп, мугалимдерге болгон терең урмат менен ыраазычылыкты чагылдырып берди. Бул күн БМУнун жамааты жана студенттери үчүн билим берүүнүн кадырын даңазалаган, окутуучулардын эмгегин ардактай турган өзгөчө майрам болуп калды.