2025-жылдын 22–27-сентябрында К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө арналган “Кыргыз тили – билимдин, илимдин жана маданияттын тили” аттуу тил жумалыгынын ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чара мамлекеттик тилдин билим берүү, илим жана маданият тармагындагы ордун даңазалоого багытталды.
Жумалык ректор Мирлан Дылдаев тарабынан салтанаттуу ачылып, студенттер жана профессордук-окутуучулар катышуусу менен бир катар маданий жана чыгармачылык иш-чаралар уюштурулду. Алардын ичинде флешмоб жана видео челендж, студенттер аралык дил баян жана дебат сынактары, концерттик программалар болду.
Белгилүү өзгөчөлүк катары “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин директору Батма Болоталиевна Ставинская лекция окуду, анда Кыргыз тилин үйрөнүү жана «Кыргызтестти» тапшыруунун онлайн платформасы менен тааныштыруу болуп, студенттердин активдүү суроо-жооп катышуусу менен коштолду.
Иш-чарага чакырылган коноктордун арасында Улуттук комиссиянын төрагасы Мураталиев Мелис Казакбаевич, маданияттын мыкты кызматкери, акын Акбар Кубанычбеков, ырчы-аткаруучу Байбол Биржан катышты.
Концерттик программаларда ыр окуулар, улуттук бий жана музыкалык номерлер тартууланды. Өзгөчө көркөм окуулар жана автордук ырлар аудитория тарабынан жогорку баага ээ болду.
Бул жумалык студенттердин чыгармачылыгын өнүктүрүүгө, мамлекеттик тилди жайылтууга жана университеттин маданий жактан байытууга багытталган маанилүү иш-чара болуп калды.










