Перейти к содержимому

Мамлекеттик тил кафедрасы

         Кыргыз тилинин практикалык курсу кафедрасы болуп 1992-жылы уюушулган. Бүгүнкү күндө Мамлекеттик тил кафедрасы аталып, кыргыз тили жана адабияты дисциплинасын орус тилинде окутулуучу тайпаларга кыргыз тили жана адабиятын окутуп келишет. Кыргызстанда кыргыз тили мамлекеттик гана тил болбостон, кыргыз элинин эне тили болуп саналат. Кесипке багыт берип окутуу программасынын кыргыз тили жалпы билим берүүчү мектептерден кийинки базалык баскыч катарында окутулуп жүрөт. Адабий тилдин нормасында туура сабаттуу жазуу, маданиятту сүйлөө, иш кагаздарынын түрдүү үлгүлөрүн, формасын туура толтура билүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Ар бир кесипке багытталган терминдер, адистиги боюунча терең грамматикалык жана лексикалык жактан тилдик каражаттарды туура пайдалана билүүгө үйрөтөт. Улуттук программага ылайык кафедранын илимий багыттагы-окуу методикалык, илимий-изилдөөчүлүк иштери изденүүчүлүк жана заманбап ыкмалар менен иш алып барат.

Кафедранын негизги максаты:

  • кафедранын окутуучуларынын  илимий потенциалын жогорулатуу;
  • илимий даражасын көтөрүүнүн үстүндө иш алып баруу;
  • студенттерге кошумча илимий булак катары окуу-методикалык колдонмолорду даярдоо:

Мамлекеттик тил кафедрасы университеттеги 9 факультетке “Кыргыз тили жана адабияты” дисциплинасынан мамлекеттик тилди окутуп келишет. Кафедрада 10 окутуучу эмгектенет.1 илимдин кандидаты, 3 доценттин милдетин аткаруучу, 3 ага окутуучу, 4 окутуучу жана 1 ага лаборант иш алып барат.

ИИИ

Кафедранын окутуучулары ЖОЖдордо болуучу илимий-практикалык конференцияларга катышып, окуу-усулдук тажырыйбаларды өздөштүрүү менен бирге жаңы технологияны колдонуу жана тилдерди окутуу жана башка ушул сыяктуу проблемалардын үстүндө  иштеп. квалификациясын жогорулатып келишет.

СИИ

Кафедрада окутуучулардын илимий-окутуучулук сапатын көтөрүү боюнча метод-семинарлар, ачык сабактар өткөрүлүп турат жана бири-биринен тажрыйба алуу үчүн өз ара сабактарга катышуу уюштурулган. Муну менен чогуу белгилүү методисттер менен жолугушуу өткөрүлүп турат.

Кабылдама: +996 (312)21-89-64

Дареги: Ч.Айтматов проспектиси, 27. В-блок, 4-кабат, 404Г.