Перейти к содержимому

Менеджмент боюнча эл аралык олимпиада

Менеджмент боюнча эл аралык олимпиада

2026-жылдын 26-мартында Кусейин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде өлкөнүн алдыңкы жогорку окуу жайларынын студенттери катышкан эл аралык менеджмент боюнча олимпиада ийгиликтүү өткөрүлдү.

Олимпиада заманбап экономика жана менеджмент тармагындагы жогорку талаптарга ылайык уюштурулуп, катышуучулар санариптик ыкмаларды жана инновациялык чечимдерди колдонуу менен өз билимдерин жана практикалык жөндөмдөрүн көрсөтүштү.

Иш-чаранын алкагында студенттер “Чүй цемент заводу”, “Куликов”, “Белая река”, “Талас даамы” сыяктуу ата мекендик өндүрүш ишканаларынын мисалында өндүрүш менеджменти, маркетинг жана санариптик менеджмент багыттарында бизнес-долбоорлорун иштеп чыгып, аларды тажрыйбалуу топ-менеджерлер жана эксперттер алдында ийгиликтүү коргошту.

Олимпиада студенттерге заманбап менеджментти практикалык деңгээлде өздөштүрүүгө, өндүрүш тармагында тажрыйба топтоого жана келечектеги атаандаштыкка жөндөмдүү адис катары калыптанууга мүмкүнчүлүк түздү.

Эксперттик курам:
• Давлеталиев Залкар Джолдошбекович — “Данзас” компаниясынын кризис-менеджери
• Чо Максим Чонхагович — “Евролифт” компаниясынын башкы директору
• Луковский Даниил Васильевич — “Элдик банк” ААКнын корпоративдик менеджери

Олимпиаданын өзгөчөлүгү — студенттердин аналитикалык ой жүгүртүүсүн, чыгармачылыгын жана практикалык жөндөмдөрүн баалоого багытталган бир нече этаптан турган сынактар болду.

Иш-чаранын жыйынтыгы төмөнкүдөй:

1. Тестирлөө (командалык эсепте):
1-орун — “Ала-Тоо” Эл аралык университети
2-орун — Кыргыз-Орус Славян университети
3-орун — Бишкек мамлекеттик университети

2. Тестирлөө (жеке эсепте):
1-орун — Тологонова Акылай (“Ала-Тоо” Эл аралык университети)
2-орун — Попова Виктория (Кыргыз-Орус Славян университети)
3-орун — Барыкин Ярослав (Кыргыз-Орус Славян университети)
4-орун — Хихизова Фатима (Бишкек мамлекеттик университети)
5-орун — Литвиненко Александра (Кыргыз экономикалык университети)

3. Долбоорлорду коргоо:
Гран-при — Кыргыз улуттук университети
1-орун — Бишкек мамлекеттик университети
2-орун — Кыргыз улуттук агрардык университети, Кыргыз-Өзбек эл аралык университети
3-орун — Ош технологиялык университети, Кыргыз-Орус Славян университети

• “Жаңылык” — Эл аралык Кыргызстан университети
• “Инновация” — “Ала-Тоо” Эл аралык университети
• “Практикалык” — Кыргыз экономикалык университети

4. Квест-оюн:
1-орун — Ош технологиялык университети
2-орун — Бишкек мамлекеттик университети
3-орун — Кыргыз-Орус Славян университети

5. Капитандар конкурсу:
1-орун — Топчубаева Жумагүл (Ош технологиялык университети)
2-орун — Спиридонова Виолетта (Эл аралык Кыргызстан университети)
3-орун — Хамдамов Абдулазиз (Кыргыз-Өзбек эл аралык университети)

Жеңүүчүлөргө жана байгелүү орундардын ээлерине кубоктор, дипломдор, сертификаттар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Олимпиаданын башкы демөөрчүлөрү — “АТА” компаниясы, “Дасмия” компаниясы жана “Элдик банк” ААК.

Бул иш-чара студенттердин кесиптик өнүгүүсүнө өбөлгө түзүп, келечекте олимпиаданын мазмунун мындан ары өркүндөтүү, форматтарын жаңылоо жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуу багытында маанилүү кадам болуп саналат.