Перейти к содержимому

Жасалма интеллек (AI) алкагында «Сабакты кантип сапаттуу өттүү» аттуу окутуу семинары

Жасалма интеллек (AI) алкагында "Сабакты кантип сапаттуу өттүү" аттуу окутуу семинары

2026-жылдын 27-мартында ККФнын окутуучулары Конфуций Институту жана Кыргыз-Түрк Манас университети менен биргеликте уюштурган атайын кытай тили мугалимдерине арналган «Жасалма интеллект доорунда сапаттуу сабае өтүү» аттуу окуу-методикалык семинарга активдүү катышышты.

Аталган иш-чарага Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин окутуучулары, Конфуций институтунун окутуучулары жана жергиликтүү мугалимдер катышып, тажрыйба алмашуу үчүн мыкты аянтча түзүлдү. Катышуучулардын арасында БМУнун Кыргыз-кытай факультетинин кытай филологиясы кафедрасынын ага окутуучусу Зарина Сабырова да көргөзмө сабагы менен катышып, тажрыйбасы менен бөлүштү.

Семинардын жүрүшүндө «салттуу билим берүү» менен «жасалма интеллекти колдонуу» негизигдеги сабактардын өзгөчөлүктөрү , айырмачылыктары жана кемчиликтери кеңири талкууланды.

Ошондой эле көрсөтмөлүү сабактар жогорку деңгээлде өтүп,окутуучулар үчүн пайдалуу практикалык тажрыйба топтоого чоң мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Мындай семинарлар заманбап билим берүү ыкмаларын өнүктүрүүгө, мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатууга жана инновацияларды жайылтууга өбөлгө түзөт.