2025-жылдын 18-майында Бишкек мамлекеттик университетинде кыргыз этнографиясына арналган республикалык деңгээлдеги «Мурас» форуму ийгиликтүү өткөрүлдү. Бул иш-чара улуттук маданиятты, тарыхый мурасты жана этнографиялык баалуулуктарды сактоо жана жайылтуу максатын көздөдү.
Форумдун ачылышында БМУнун ректору, профессор Мирлан Дылдаев сөз сүйлөп, кыргыз этнографиясынын илимдеги жана коомдогу мааниси тууралуу ой бөлүшүп, форумдун катышуучуларын куттуктады.
Иш-чарага мамлекеттик жана маданий чөйрөнүн көрүнүктүү өкүлдөрү катышты:
• Октябрь Капалбаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальнигинин орун басары, стратегиялык пландоо жана реформаларды талдоо бөлүмүнүн башчысы;
• Союзбек Надырбеков, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары;
• Курмангазы Азыкбаев, Кыргыз Республикасынын эл артисти.
Бакиров Байэл,Мурас этно платформасынын жетекчиси.
Маданий программа алкагында Курмангазы Азыкбаев сегиз аспапта кол ойнотуп, катышуучуларга жогорку деңгээлде улуттук обондорду тартуулады. Ошондой эле, даңазалуу манасчылар эл алдында Манас айтып, кыргыз эпосунун терең философиясын жана көркөмдүк баалуулуктарын даңазалашты. Форумдун дагы бир өзгөчө бөлүгү — кыргыз улуттук кийимдеринин көргөзмөсү болду. Бул көргөзмөдө ар кыл доорлорго тиешелүү салттуу кийимдер сунушталып, көпчүлүктүн кызыгуусун жаратты. Айрыкча жаштар улуттук кийим маданияты менен жакындан таанышууга мүмкүндүк алышты.
Форумдун жүрүшүндө катышуучулар кыргыз этнографиясынын азыркы абалы, өнүгүү багыттары, ошондой эле тарыхый мурасты сактоонун жана аны жаңы муундарга өткөрүп берүүнүн мааниси тууралуу кеңири талкуу жүргүзүштү.
«Мурас» форуму — бул тарых менен бүгүнкү күндү байланыштырып турган аянтча. Ар бир катышуучу бул жерден улуттук өздүгүн сезип, кыргыз маданиятынын байлыгын дагы бир жолу таанып чыкты.