2025-жылдын 16-майында өткөн “Горизонт Европа” эл аралык илимий конференциясына педагогика жана психология кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент Эльзада Сабырова жана п.и.к. Саламат Молдалиева катышты.
Конференцияда Кыргызстан Европа Биримдигинин эң ири илимий жана инновациялык программасы болгон “Горизонт Европа” программасына кошулуу аркылуу эл аралык кызматташтыкка маанилүү кадам таштаганы белгиленди. Программа 2021–2027-жылдарга карата иштелип чыгып, илим, саламаттык сактоо, экология, санариптик технологиялар, билим берүү сыяктуу тармактарга багытталган.
Кыргызстан ассоциацияланган мүчө катары аталган тармактардагы долбоорлорго толук кандуу катышуу укугуна ээ болуп, университеттер жана илимий мекемелер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда.
Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Мурзалиев К. “Горизонт Европа” программасы Кыргызстандын илимий мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, Европа илимий экосистемасына интеграцияланууга шарт түзөрүн баса белгиледи.
@ Эльзада Сабырова — Педагогика жана психология кафедрасынын башчысы.