Бишкек мамлекеттик университетинде Нооруз майрамы салтанаттуу түрдө белгиленди. Иш-чара 19-мартта салттуу сүмөлөк бышыруу менен башталды. Орус филологиясы факультетинин студенттери жана окутуучулары түнү бою сүмөлөк кайнатышып, 20-март күнү даяр болгон сүмөлөк университет жамаатына таратылып, жалпы майрамдык маанай тартуулады. БМУнун ректору Мирлан Дылдаев Нооруз майрамынын расмий бөлүгүн ачып, университет жамаатын жана конокторду куттуктап, Нооруздун жаңылануу, тынчтык жана ынтымактын символу экендигин белгиледи.
Иш-чарага Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин маданий өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Абузар Тогани да конок катары катышып, Нооруздун дүйнө элдерин бириктирүүдөгү маанисин баса белгилеп, жылуу куттуктоо сөзүн айтты.
Майрамдык салтанат жогорку деңгээлде уюштурулган концерттик программа менен коштолду. Студенттердин аткаруусунда улуттук маданиятты даңазалаган ыр-бийлер, комуз күүлөрү жана сахналаштырылган көрүнүштөр тартууланып, катышуучулар жана коноктор унутулгус майрамдык маанайга бөлөнүштү.
Bishkek, 720044, Ch. Aitmatov Avenue, 27
bhu@bhu.kg
+996 (312) 21-86-59
Welcome to BSU.. Мы верим в твой правильный выбор