Мазмунга өтүү

К.Карасаев атындагы БМУ Дэгу Хаани университети менен меморандумга кол койду

БГУ им. К. Карасаева подписал меморандум с Daegu Haany University

2025-жылдын 12-сентябрында К.Карасаев атындагы БМУнун ректору Мирлан Дылдаев Дэгу Хаани университети (Корея Республикасы) менен кызматташуу боюнча меморандумга кол койду.

Келишим академиялык жана илимий алмашууларды, биргелешкен билим берүү программаларын өнүктүрүүгө, окутуучулардын жана студенттердин квалификациясын жогорулатууга, университеттер ортосундагы эл аралык байланыштарды кеңейтүүгө багытталган.

Дегу Хаани университетинин делегациясынын курамына Эл аралык мамилелер факультетинин деканы SONG Jichung мырза, команданын менеджери KIM Mijeong айым жана университеттин Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн кызматкери JEONG Haerin айым кирди.

Кыргыз тараптан иш-чарага университеттин эл аралык байланыштар жана инвестициялар боюнча проректору Г.Исаматова, чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин деканы Т.Машрапов, эл аралык байланыштар департаментинин директору Э.Канатбеков, ошондой эле БМУнун жетекчилиги катышты.

Меморандумга кол коюу эл аралык өнөктөштүктү бекемдөөгө, биргелешкен долбоорлордун жаңы перспективаларын ачууга, тажрыйба алмашууга жана билим берүү демилгелерин өнүктүрүүгө карай маанилүү кадам болду.