Кадрлар бөлүмү
Кадрлар бөлүмү университеттин Уставына ылайык административдик жана башкаруучу персоналды камтыган өз алдынча түзүмдүк бөлүм болуп саналат.
Кадрлар бөлүмү БМУда эмгек мыйзамдары чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат жана төмөнкү милдеттерди аткарат:
- университеттин ишмердүүлүгүн кадрлар менен камсыздоо;
- университетте эмгек мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылуу;
- кызмат орундарын тиешелүү кадрлар менен комплекттөө;
- штатка кирген бардык категориялардагы университеттин кызматкерлерин ишке кабыл алууну, которууну жана бошотууну каттоо;
- факультеттердин, колледждердин, эл аралык билим берүү борборунун, БМУнун үзгүлтүксүз жана дистанттык билим берүү институтунун студенттерин кабыл алуу, которуу, окуудан чыгаруу жөнүндө арыздарды университеттин окуу иштери боюнча проректорунун буйругу менен каттоо;
- университеттин бардык категорияларынын кызматкерлери менен студенттеринин жеке жана статистикалык эсебин белгиленген формаларга ылайык жүргүзүү;
- БМУнун кызматкерлери тарабынан ички эмгек тартибин жана эмгек тартибин сактоону камсыз кылуу;
- кызматкерлердин жана студенттердин өздүк делолорун сактоону камсыз кылуу.
Бөлүмдүн кызматкерлеринин милдеттери алардын кызматтык милдеттери менен аныкталат.
Башкы имарат, кеңсе G-207
Тел. Кадрлар бөлүмү +996(312)-21-87-14