Академик К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети Академик Е.А. Букетов атындагы Караганды улуттук изилдөө университети (Казакстан) менен биргеликте "7M01301 - Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методологиясы" магистрдик программасын ийгиликтүү ишке ашырууда.
Экинчи курстун магистранттары үчүн "Чыр-чатактарды чечүү технологиясы" жана "Салыштырмалуу педагогика" курстарын БМУнун Педагогикалык илимдер факультетинин башталгыч жана мектепке чейинки билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасынын башчысы, ф.и.д., доцент Жылдыз Абдыракунова окутат.
Биргелешкен программа академиялык байланыштарды чыңдоого, эл аралык мобилдүүлүктү жогорулатууга жана заманбап окутуу тажрыйбалары менен бөлүшүүгө, ошону менен мугалимдерди даярдоонун сапатын жакшыртууга жана БМУну эл аралык билим берүү мейкиндигине интеграциялоого багытталган.
