К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин делегациясы илим, билим берүү жана маданият жаатындагы кыргыз-орус кызматташтыгын чыңдоонун алкагында Казань федералдык университетине барды.
Делегацияны орус филологиясы факультетинин деканы Рахат Ниязалиева жетектеди. КФУнун атынан конокторду тышкы байланыштар боюнча проректор Тимирхан Алишев кабыл алды.
Сапардын жүрүшүндө катышуучулар Казан университетинин тарыхы менен таанышып, Тарых музейине, Императордук залга жана Ленин атындагы аудиторияга барышты. КФУнун жетекчилиги менен расмий жолугушуу өткөрүлүп, анда тараптар академиялык мобилдүүлүк, биргелешкен билим берүү программалары жана изилдөө долбоорлору боюнча талкуулашты.
Бул сапар Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы билим берүү жана маданий байланыштарды чыңдоого багытталган Бишкек мамлекеттик университети менен Казан федералдык университетинин ортосундагы өнөктөштүктү өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болду.
