Мазмунга өтүү

БМУнун ректору Мирлан Дылдаев "Глобалдык башкаруу демилгеси – жаңы чөйрөдөгү өз ара пайдалуу кызматташтыктын негизи" аттуу тегерек стол талкуусуна катышты.«

Ректор БГУ  Мирлан Дылдаев принял участие в круглом столе «Глобальная инициатива управления — основа взаимовыгодного сотрудничества в новых условиях»

2025-жылдын 26-сентябрында Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде "Глобалдык башкаруу демилгеси: жаңы чөйрөдөгү өз ара пайдалуу кызматташтыктын негизи" деген темада жыйын өттү. К. Карасаев атындагы БМУнун ректору, профессор Мирлан Дылдаев "Глобалдык башкаруу демилгеси эл аралык мамилелердин жаңы философиясы катары" деген темада баяндама жасады.

Иш-чарага Эдил Байсалов, Догдурбек Чонтоев, Карим Ханжеза, Лю Цзянпин, ошондой эле университеттин факультет декандары, институт директорлору жана окутуучулары катышты.

Талкуу тажрыйба алмашуу, академиялык жана дипломатиялык байланыштарды чыңдоо жана жаңы эл аралык чөйрөдө биргелешкен өнүгүүнүн келечегин карап чыгуу үчүн платформа түздү.